Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Москва кибертыңчылыкка шектелүүдө


Маалымат коопсуздугун камсыздоо менен алектенген Финляндиянын F-Secure компаниясы Москва Европа менен Азия өлкөлөрүндөгү кибертыңчылыкка катышы бар деп маалымдады. Компания 17-сентябрда жасаган баяндамасында, Dukes деп аталган хакердик топ тыңчылык менен алектенип, акыркы жети жыл бою орус өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн киберчабуулдарды жасап келгенин белгиледи.

баяндамада хакердик топ компьютердик түйүндөгү маалыматтарды алууга жол ачкан кооптуу программаларды пайдаланганы айтылат. Ошондой эле кибер чабуулга кабылган мекеме-уюмдардын катарында НАТОнун Грузиядагы маалымат борборунун, Грузия коргоо министрлигинин жана Түркия, Украина, Польша тышкы иштер министрликтеринин, мындан сырткары АКШ, Европа менен Азиянын аймагындагы өкмөттүк мекемелер, изилдөө борборлорунун аты аталат.

F-Secure изилдөө борборунун башчысы Артури Летию "бардык маалыматтар бул ишти каржылоо орус өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөнүн көрсөтүүдө" деп билдирген. Орусия азырынча буга үн ката элек.

XS
SM
MD
LG