Кыргызстанда 19-сентябрда түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 13...18
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 12...17
Ош, Жалал-Абад аймактарын түнкүсүн 12...17, күндүз 18...23
Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 16...21
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 15...20
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23
Бишкекте түнкүсүн 14...16 градус, күндүз 16...18 градус жылуу болот.(AzK)