Жогорку Соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, зордуктоо, кылмышка баруу, адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталып жаткан 20 жаштагы Абдумуталиб Мамажановдун ишин караган Октябрь райондук соту 18-сентябрда мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратты. Ал жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөйт.
Маалыматка караганда, Мамажанов ушул жылдын 28-майында "Ата-Түрк" багына кызды жолугушууга чакырып, аны ээн жерде зордуктаган. Жасаган кылмышын жашыруу максатында эс-учун жоготкон кызды 50 кило салмактагы таш менен эки жолуна башка урган. Андан соң жанындагы чөнтөк телефонун жана 20 сомун тоноп алып, изин жашырган. Бир аз убакыттан соң эсине келип жардам сураган кызды паркта эс алып жүргөндөр көрүп калып, тез жардам чакырган.
Кыздын башы жарылып, сөөктөрү жанчылганы, курсагынан жабыркаганы аныкталган. (AzK)