Борбордук шайлоо комиссиясы бул чечимди бүгүн кабыл алды.
БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, ушул тапта 60 миң киши эски паспорт менен жүрөт. Алар паспортторун алмаштырууга үлгүрбөй калышкан.
“Эгер алардын паспортунда ПИН-номуру болсо жана биометрикалык маалыматын тапшырса, өкмөт бул жарандардын шайлоого катышуусуна уруксат берүүнү өтүнүп жатат”,-деди Абдраимов
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Ага 14 партия баратат. (AzK/AKu)