Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы өлкө аймагына аткезчилик жолу менен товар алып кирип же ташып чыккандарды аныктоо үчүн беш күн ичинде тергөө-ыкчам топ түзүшү керек. Мындай тапшырма кечээ, 18-сентябрда премьер-министр Темир Сариев өткөргөн жыйында берилгенин бүгүн "Азаттыкка" өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады.
Жыйынга тартип коргоо жана фискалдык органдардын жетекчилери катышты.
Темир Сариев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынганын маалымдап, бирок бул жаатта аткезчилик товарлардын киришине каршы күрөштү жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле жыйында мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруучу жайлар боюнча сөз болуп, тиешелүү органдарга керектүү уруксат кагазы жок жана талапка жооп бербеген пункттарды аныктоо, чара көрүү боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. (RK)