Бүгүн Рим Папасы Францисктин Кубага сапары башталууда, андан кийин ал АКШга барат. Понтифик Кубанын жетекчиси Раул Кастро жана Фидел Кастро менен жолугат. Эки өлкөгө сапар 28-сентябрга чейин уланат.
Кечээ Папа "Твиттердеги" баракчасы аркылуу окурмандарына кайрылып, ал үчүн сыйынып турууга чакырды.
АКШда Рим Папасы Франциск Вашингтон, Нью-Йорк жана Филаделфияны кыдырат. (RK)