Ош шаарында 4-октябрь, шайлоо күнү коомдук тартипти көзөмөлдөөгө элдик кошуундун 1,5 миң мүчөсү тартылат. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Учурда Ош милициясы элдик кошуундун мүчөлөрүнө эл менен иштешүү эрежелери тууралуу атайын окутууларды өткөрүп жатат.
Добуш берүү күнү жалпы республика боюнча күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Элдик кошуундар буга чейин да түрдүү ири өнөктүктөр учурунда милицияга жардам берип келген.
Ош шаарында 80 шайлоо участогу бар. (YI)