Кыргызстанда жарандарды биометрикалык каттоого алуу жараяны убактылуу токтоду. Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мелис Эржигитовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, каттоого алуу кечээ, 18-сентябрда түнкү саат 12де аяктады.
Эми бул жараян парламенттик шайлоодон кийин гана уланат.
Жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу үчүн жер-жерлерге жөнөтүлгөн 360 атайын жабдуу кайра Бишкекке алынып келүүдө.
Бийликтин айтуусунда, былтыр август айында башталган биометрикалык каттоо жараяны шайлоолордун тазалыгын камсыз кылуу жана жарандар боюнча бирдиктүү заманбап маалымат базасын түзүү үчүн жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата каттоодон 16 жаштан жогору курактагы 2,8 миллион жаран өттү. Алардын 150 миңдейи 16 жаштан 18 жашка чейинкилер. Кыргызстан мыйзамдары боюнча добуш берүүгө 18 жаштан жогоркулар укуктуу. (RK)