Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Өкмөт добуш берүүгө укугу жокторду атады


4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо биометриканы тапшырбагандар жана катталган жерине барбагандар добуш бере албайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов кабарлады. Анын айтымында, биометрикалык каттоо кечээ түнү убактылуу токтотулду:

- Ким биометрикадан өтпөсө, ким №2 форманы тапшырып, добуш бере турган дарегин тактабаса, ал катыша албайт. Мөөнөт бүттү.

Жарандардын шайлоого катышып, добуш берүүсүн камсыздоо үчүн өкмөт 6-16-сентябрда жалпы республика боюнча "Өзүңдү тизмеден такта!" акциясын өткөргөн.

Соңку маалымат боюнча, шайлоочулар тизмесине 2 миллион 670 миң адам кирди. Бул, өкмөттүн маалыматына караганда, болжолдонгон сандын 96% түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG