Казакстанда Каспий деңизинде машыгуу учурунда мерт кеткен аскерлер үчүн "Батыш" командачылыгынын жетекчилиги кызматтан алынды. Прокуратура аларга карата иликтөө жүргүзүп жатат.
Кечээ, Маңгыстоо облусунда жүрүп жаткан "Борбор-2015" машыгуусу учурунда бронетранспортерлору жээкке жете албай калып, төрт жоокер чөгүп кеткен. Алардын үчөө 19 жаштагы, бирөө 23 жаштагы аскерлер болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка машыгуунун туура эмес пландалганы себеп болгон. (RK)