Нарын облустук милициясы Жумгалда окуучунун өлүмүнө калайман мушташ себеп болгон деген маалыматты төгүндөп жатат. Аталган мекемеден "Азаттыкка" бүгүн кабарлашкандай, кечээ, 19-сентябрда Жумгалдын Көк-Ой айылындагы орто мектепте 11-класстын окуучусу Таалайбек уулу Жайылбек 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбекти мектепке ак көйнөк кийип келбегени үчүн төшкө чаап жиберген. Тийген соккудан ал ошол жерден мерт кеткен.
Милиция 11-класстын окуучусу мектеп парламентинде маданият министри болуп шайланганын айтып, буга чейин ал одоно тартип бузууга барбаган бала деп мүнөздөөдө.
Кечээ айрым маалымат каражаттары окуучунун өлүмүнө мектептин жертөлөсүндөгү калайман мушташ себеп болгонун жазып чыгышкан.
Jumgal.kg сайты окуучу мушташтан мерт болгонун мектептин директору Гулнара Атантаева тастыктаганын маалымдаган. Аталган сайт "Айрым маалыматтарга ылайык, 11-класстын окуучулары тыныгуу учурунда кенже класстардын окуучуларын мектептин жертөлөсүнө алып кирип, салык салган. Салык салгандар каза болгон окуучунун жүрөк тушуна катуу сокку урган. Жекшенбек уулу Эркинбек 7 бир туугандын экинчиси болчу. Анын атасы мындан 1 жыл мурун оорудан каза болгон" деп маалымдоодо. (MiK/RK)