Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Жон Керри Сирияда орус аскердик учактары пайда болушуна тынчсызданууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Сирияда орусиялык аскердик учактардын пайда болгонуна тынчсыздануу билдирди. Лондондо ишемби күнү британ кесиптеши Филип Хэммонд менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал Орусиянын учактары өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөш жүргүзүп жаткан эл аралык коалициянын күчтөрүнө коркунуч жаратышы ыктымал экенин айтты.

Ал эми Орусия дагы Сириядагы күчтөрүн бекемдеп жатканын "Ислам мамлекети" уюмуна каршы күрөш менен түшүдүрүүдө.

Айрым америкалык маалымат булактарынын айтуусунда, жума күнү Орусия Сириядагы базага истребителдердин чакан тобун жөнөттү.​ (RK)

XS
SM
MD
LG