Грекияда бүгүн кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анын жыйынтыгында жаңы өкмөт куралат. Өлкө терең финансылык кризиске баткан соңку алты жыл ичинде ушуну менен бешинчи жолу парламенттик шайлоо өтүүдө. Буга чейинки өнөктүк 25-январда болгон.
Шайлоого 19 партия катышууда. Негизги атаандаштар - солчулдардын "Сиризасы" менен "Жаңы демократия" оппозициялык партиясы. Алдын ала сурамжылоолорго караганда, экөө тең дээрлик бирдей добуш алышы ыктымал, бирок эч кимиси бир партиялуу өкмөт курай албайт.
28-августта президент Прокопис Павлопулос парламентти кетирип, жаңы шайлоо өтөрүн жарыялаган. Ага чейин "Сириза" партиясынын лидери Алексис Ципрас сунуштаган үнөмдөө экономика жолу коомчулуктун колдоосуна ээ боло албай, партиянын ичиндеги ажырымга алып келгенине байланыштуу отставкага кеткен болчу. (RK)