Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Дем алыш күндөрү Австрияга 20 миң качкын кирди


Европага Балкандан миңдеген качкындар менен мигранттардын өтүүсү уланууда. Австрия акыркы эки күндө кирген качкындардын санын 20 миң адамга жеткенин билдирди. Алар негизинен Венгрия жана Хорватия аркылуу киришүүдө. Ошондой эле Словения аркылуу кирген мигранттар да бар. Мурдараак Хорватия менен Словениянын ортосундагы чек арада мигранттар топтолгону тууралуу айтылган.

Миграция кризисин Берлинде талкуулоо учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Америка качкындарга берүүчү квотасын көбөйтүүнү чечкенин айтты. Анын айтуусунда, келерки жылы АКШ 100 миң качкынды кабыл алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG