Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Москвадагы оппозициянын көчө жыйынына миңдеген кишилер чыгышты


20-сентябрда Москвадагы митинг тынч өттү. “Таза эсеп” уюмунун маалыматы боюнча, митингге 8 миңден ашуун киши катышты. Ал эми шаардык милиция төрт миңдей киши болду деп билдирди.

Марьино аймагында “Бийликтин алмашуусу үчүн” деп аталган митингдин катышуучулары цензураны жок кылууну, саясий туткундарды бошотууну, оппозицияга шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилүүсүн, коррупция менен Украинанын чыгышындагы согушту токтотууну талап кылышты. Митингде сөз сүйлөгөн Алексей Навальный Борис Немцовдун өлүмүнө Чеченстан бийлигин айыптады.

Навальныйдын тарапкерлери жекшембиде жөө жүрүштү Бульвар айлампасында жана академик Сахаров атындагы кең көчөдө уюштурууну көздөшкөн. Бирок мэрия борбор калаанын так ортосунда нааразылык чарасын өткөрүүгө уруксат берген жок. Москва мэриясы муну шаарда өтүүчү ири марафон менен байланыштырды.

Ушул эле күнү "Бийликтин алмашуусу үчүн” деп аталган митинг Питерде да болду. Иш-чараны “Парнастын” активисттери уюштурду.

XS
SM
MD
LG