Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:15

Жалал-Абадда жер титиреди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, күчү 5 баллга жеткен жер титирөө 20-сентябрда 22:10до катталды. Анын очогу Фергана тоо кыркаларында Канжыга айылынан чыгышты карай 10 км, Орказган айылынан түндүк-чыгышты көздөй 20 км жерде жайгашкан. Эл жашаган аймактарда силкинүүнүн күчү 3 баллдан 5 баллга чейин сезилген. Жалал-Абад шаарында 3 балл болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда жер титирөөдөн жабыркоолор болгон жок.

Сейсмология институту буга чейин ушул жылдары Кыргызстанда сейсмикалык активдүүлүк байкалып жатканын, алдын ала божомол боюнча, Алай, Чоң-Алай аймагы, Ысык-Көл жана Чүйдүн чыгышында жер титиреши ыктымалдыгын, анын күчү 6-7 баллга жетиши мүмкүн экенин билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG