Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Монсон-Сыргабаев беттешинде таш аткан балдар кармалды


Кыргызстандык Замирбек Сыргабаев менен АКШнын мушкери Жефф Монсондун беттеши учурунда “Ала-Тоо” амфитеатрынын ичине таш ыргыткан 38 жаран кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Анын айтымында, 34 жаранга акчалай айып салынып, төртөөнө бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр учурда ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

19-сентябрдагы беттеште Сыргабаев Монсонду жеңген. Жалпысынан 13 жуп мушташса, анын ичинен эки жуп JFC куру үчүн кармашты. Кыргызстандык мушкерлердин 11и жеңип, бир мушкер жеңилип калса, дагы бир спортчу атаандашы менен тең чыккан. (UEz)

XS
SM
MD
LG