Кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев АКШдагы профессионалдык рингде 7-беттешин өткөрүп, техникалык нокаут менен жеңишке жетти. Мушкердин менеджери Жаныш Осмондун "Азаттыкка" билдиргенине караганда Рыскелдиев 19-сентябрда Лос-Анжелес шаарында 69 кг. салмак ченинде кубалык Усман Абру менен таймашкан.
"Топ ранк" промоутердик компаниясы уюштурган алты раунд боло турган беттештин 4-раунду аяктагандан кийин кубалык мушкер таймашты улантуудан баш тарткан.
Урмат Рыскелдиев 2013-жылдын ноябрь айынан бери профессионалдык рингде беттештерге чыгып келет. Буга чейин болгон 6 таймашта 5 жолу жеңишке жетип, бир жолу тең чыккан. (ECh)