Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымдашынча, жеңил атлетика боюнча кыргыз спортчусу Мария Карабицкая Рио-де-Жанейродо 2016-жылы өтө турган жайкы Олимп оюндарына катышууга лицензия алды. Ал 20-сентябрда Омск шаарында болуп өткөн 26-Сибирь эл аралык марафонунда 42 км. 195 метр аралыкты 2 саат 38 мүнөт 35 секундда чуркап өтүп, үчүнчү келип, коло медалдын ээси болду. Бул жыйынтык анын жайкы Олимп оюндарына катышуусуна мүмкүнчүлүк берди.
Карабицкаядан мурда марафондук чуркоо боюнча мындай жолдомону спортчу Юлия Андреева утуп алган эле.
Бул эки спортчудан тышкары жайкы Олимп оюндарына жөө күлүк Дарья Маслова жанан грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев барат.
Ошентип Рио-де-Жанейро-2016 жайкы Олимп оюндарына барчулардын саны азырынча төрт киши. (AzK)