Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Бишкекте Дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет


Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн 21-сентябрда "Кан басымыңды текшер!" атуу акциясын өткөрөт. Иш чара жыл сайын 25-сентябрда белгиленүүчү Дүйнөлүк жүрөк күнүнүн алкагында уюштурулуп келет. Анда жарандарга кан басымынан улам пайда болгон илдеттерди алдын алуу тууралуу маалыматтар берилет.

Бул күндөрү Бишкек шаарынын бейтапканаларында жана калаанын соода борборлорунда кан басымы барлар бекер текшерилет.

Дүйнө элинин 40 пайызынын кан басымы жогору. Жылына 9 миллиондон ашуун адам инфаркт жана инсульт дартынын айынан көз жумат. Ал эми Кыргызстан Орусия, Казакстан, Украина өлкөлөрү менен бирге жүрөк - кан тамыр оорулары, инсульт же мээдеги кан айлануунун бузулуусу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат.(JM/AzK)

XS
SM
MD
LG