Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Депутаттык жеңилдиктерден баш тартуу декларациясына дагы бир партия кол койду


"Коомдук иликтөө институту" уюмунун жетекчиси Рита Карасартованын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн 21-сентябрда “Замандаш” партиясы декларацияга кол койду. Буга чейин жеңилдиктерден баш тартуу декларациясына “Ата Мекен”, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Мекен ынтымагы” партиялары кол койгон эле.

Калган партиялар негизинен декларацияга макул экендиктерин, бирок депутаттарга берилчү үйдү алып коюу туурасындагы пунктту чийип салууну сунуштап жатышат.

Карасартова жарандык коомдун өкүлдөрү бул сунушту талкуулай тургандыгын билдирди.

Жакында укук коргоочулар, жарандык активисттер "Депутаттардын жеңилдиктерин жана ыйгарым укуктарын алып салуу үчүн" кыймылын түзгөн. Ал шайлоодон жеңип чыккан партиялар бир ай ичинде "Жогорку Кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, бардык жеңилдиктерди алып салууга сөз бере турган декларацияны даярдап, партияларга сунушташкан.

Кыймыл кызматтык автоунааны, үй, бейтапканалардагы атайын тейлөөнү жана жашоонун эң төмөнкү тиричилик чегинен он эседен ашпаган маянаны чектеп коюуну сунуштайт. Жарандык коом эгер декларацияга кол койгон партиялар парламентке келгенде берген убадасын унутуп кала турган болсо, анда бул мыйзамды коомчулуктан кол топтоо ыкмасы менен өткөрүү аракетин жасай турганын билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG