Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:35

Меркел качкындардын тагдыры үчүн чогуу жоопкерчилик тартууга чакырды


Австрияга келген качкын балага жергиликтүү наристе оюнчугун берүүдө. 20-сентябрь, 2015-жыл
Австрияга келген качкын балага жергиликтүү наристе оюнчугун берүүдө. 20-сентябрь, 2015-жыл

Германиянын канцлери Ангела Меркел европалык кесиптештерин континенттеги качкындар кризисин чечүүдө жоопкерчиликти чогуу көтөрүүгө үндөдү. Бул тууралуу ал 20-сентябрда айтты.

Австрия полициясынын маалыматына караганда, 20-сентябрда Никкельсдорф чек ара бекети аркылуу Венгриядан 4700 качкын келди. Андан мурунку күнү 100 миң мигрант келген болчу.

Аскерлер, полиция кызматкерлери жана ыктыярылар чек арадагы тартипти калыбына келтирүүгө аракет кылышууда.

Тамак-аш жана суу менен жетиштүү камсыз болбогон миңдеген мигранттар бир канча күн Түштүк-Чыгыш Европа мамлекеттеринде аргасыз "буктурмада" болушту. Анткени байгер борбордук жана Батыш Европа мамлекеттерине бараткан качкындарды алардын жолундагы бул өлкөлөр чек араларын тосуп, бир канча күн өткөрбөй турушкан.

Жакынкы Чыгыш, Азия, Африкадагы жаңжалдуу аймактардан качкан мигранттар Балкан өлкөлөрү аркылуу ​Европанын бай мамлекеттерине өтүүгө умтулушат.

XS
SM
MD
LG