Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Гемодиализге муктаждар үчүн дагы 2 млн. сом бөлүнөт


Бул туурасында Кыргызстандын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева бүгүн 21-сентябрда гемодиализ алган жарандардын жакындары менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда, резервдик фонддон кошумча каражат өзгөчө муктаж болуп турган 10 кишини гемодиализге кошуу үчүн бөлүнүп жатат.

Муктаж жарандарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы жумушчу комиссия тандайт.

Жолугушууда жарандар 1-октябрдан тарта гемодиализ дагы миң сомго кымбаттайт деген кооптонууларын билдиришти. Ниязалиева Саламаттыктык сактоо министрлигине жеке клиникалардагы бааны байкап, аны турукташтыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү тапшырмасын берди.

2016-жылы оорулуу жарандар үчүн 225 миллион сом каралган. Бул сумма 2015-жылга салыштырмалуу 60 млн сомго көп.

Өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1488. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган. Мындай оорулуулар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, айына 12 жолу канын тазалатып турушат.

Кезектеги бейтаптарга кан тазалоо мамлекет эсебинен бекер жасалат. Бирок мамлекеттик эсепке алынганга чейин ал үчүн төлөөгө туура келет жана бөйрөктү бир жолу жуудуруунун баасы 5200 сом. Кыргызстанда мындай 65 гана аппарат бар.(AzK)

XS
SM
MD
LG