Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Нетаньяху менен Путин Сирия боюнча сүйлөштү


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху меен орус президенти Владимир Путин. 21-сентябрь, 2015-жыл
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху меен орус президенти Владимир Путин. 21-сентябрь, 2015-жыл

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 21-сентябрда Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулады. Путиндин жолугушууда билдиргенине караганда, Сирия азыр Израилге экинчи фронт ача турган абалда эмес. Дамаск үчүн азыр өз мамлекеттүүлүгүн сактоо башкы маселе болууда. Ошол эле кезде Израил жетекчилигинин тынчсыздануусун түшүнүп жатканын айтты орус президенти.

Өз кезегинде Нетаньяху абал акыркы айларда начарлап кеткенине көңүл бурду.

“Өзүңүз билгендей, Сирия менен Ирак биздин өлкөгө каршы радикал исламды жактаган террорчу топторду заманбап куралдар менен жабдып келүүдө. Акыркы жылдары миңдеген ракеталар биздин жашоочуларга карата колдонулду”, -деди Нетаньяху.

“Франс пресс” агенттиги белгилегендей, Нетаньяхунун Москвага сапары учурунда жөө аскерлердин жана чалгын кызматынын башчылары коштоп барды. Нетаньяхуну чет мамлекетке болгон сапарлары учурунда аскер жетекчилеринин коштоп баруусу сейрек көрүнүш. Израил тараптын айтышынча, Москвага сапар Жакынкы Чыгыштагы чачкын согуш учурундагы Орусиянын кадамдарын түшүнүү үчүн жасалды.

Нетаньяхунун сөзүнө караганда, “Иран менен Сирия Голан тоолору аркылуу экинчи террористтик фронт түзүүгө аракеттенип жатат”.

Израил Сириянын түштүгүндө “Хезболлага” каршы атайын операцияларды жүргүзүп келет. Ошону менен бирге “Хезболланын” согушкерлери Орусия Сирияны куралдандырып жаткандай куралданышын каалабайт.

Израилдин премьер-министри Голан тоолору аркылуу куралдарды жеткирүү аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу жана согуш ачууну токтотуу аракеттери жасалып жатканына да токтолду.

“Ушундай шартта бул жакка келип, биздин өлкөлөр ортосунда жаңылыштык болбосу үчүн өз позициябызды түшүндүрүүнү ылайык көрдүм”,- деди Нетаньяху.

АКШнын маалыматтарына караганда, Орусия Башар Асадды колдогон саналуу өлкөлөрдүн бири. Жакында Орусиянын Сирияга аскерлерди, артиллериялык курал-жарактарды жана учактарды жибериши, ошондой эле Москванын Сирия президенти тарапта туруп жасаган аскердик аракеттери чочулоолорду жараткан.

XS
SM
MD
LG