Шайлоого аттанган 14 партиянын үгүт иштерине жумшаган каражаты 608 млн. 348 миң сомго жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Батырова “Азаттыкка” кабарлады.
Анын ырасташынча, шайлоо фондуна түшкөн каражат булактары кылдат көзөмөлгө алынып, үгүт иштерине мыйзам чегинде жумшалышы текшерилет. Батырова буга чейин “Аалам” жана “Бир бол” партияларына каржылык мыйзамдарды бузганы үчүн эскертүү берилгенин кошумчалады.
Шайлоо фондуна эң көп каражатты КСДП партиясы топтогон. Аталган партия топтолгон 103 млн. сомдун 80 миллионун үгүт иштерине жумшаган. Үгүт тиштерине “Өнүгүү-Прогресс” 101 млн., “Республика-Ата Журт” 96 млн. жана “Ата Мекен” партиясы 69 миллион сом топтогон. 7 млн. сомдон бир аз ашкан акчасы менен “Мекен Ынтымагы” партиясы тизменин эң артында турат.
Мыйзам боюнча саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогорку чеги 500 млн. сом деп белгиленген. (UEz)