Кыргызстанда экстремисттик иш-аракеттерге аралашкан аялдардын саны акыркы он жылда 25 пайызга өстү. Алардын баары күч органдары тарабынан аныкталып, кылмыш-иликтөө китебине каттоого алынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Эмил Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, 2005-жылы экстремисттик идеяларды жайылтуучулардын 1 пайызын гана аялдар түзгөн.
Ал эми Сирия жана Иракка “жихадга” деп кеткендердин 8 пайызы айымдар:
- Изилдөөлөргө ылайык, экстремисттик уюмдар аялдардын бала тарбиясындагы ролун эсепке алып, катарына тартууда. Экинчиден, диний сабатсыздыктан улам, агымдардын тузагына түшкөн фактылар көп,- дейт Жээнбеков.
Кыргызстанда 17 уюм экстремисттик деп табылып, өлкөдө алардын ишмердик жүргүзүүсүнө тыюу салынган. (SE)