Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдарга мүчө 1787 адам экстремист деп каттоого алынды. Алардын 178и террордук уюмдар менен тыгыз байланышы бар экени аныкталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын идеясын жайылтып жүргөндөр жалпы каттоого алынгандардын 81% түзөт. Басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жашоочулары. Соңку жылдары Нарын жана Ысык-Көлдө да активдеше баштаган.
Каттоого алынгандардын көбү 35 жашка чейинкилер.
Кыргызстанда 17 диний уюм экстремисттик деп табылган. (SE)