Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Сариев: Биометрика коррупцияны ооздуктоого чоң көмөк болот


Мындай пикирин өкмөт башчы бүгүн Коррупцияга каршы кеңештин жыйынында билдирди. Темир Сариевдин ою боюнча, жарандардын биометрикалык маалыматтары мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү жеп-ичүүнү тыюуга өбөлгө болот:

-Биздин өлкө КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого даярданып атат. Буга кадам таштарда биз жасалчу иштер көп болорун билгенбиз, бирок биометрика – “бир шайлоочу –бир добуш” жобосу менен акыйкат, таза жана демократиялуу шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү жалгыз жол.

Өкмөт башчынын айтуусунда, 18 мамлекеттик органда коррупциялык схемаларды бузуу боюнча иш-чаралар иштелип чыгууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG