Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

"Акыйкат" кыймылынын төрагасы Эркинбек Мергенбаев камалды


"Акыйкат" жемкорлукка каршы кыймылынын төрагасы Эркинбек Мергенбаев коррупцияга шектелип камалды. Бул маалыматты "Азаттыкка" ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов ырастады.

Анын айтуусунда, Эркинбек Мергенбаевге Кылмыш кодексинин 204-беренеси (берилген мүлктү жок кылуу, өзүнө ыйгарып алуу) менен иш козголуп тергөө жүрүүдө. Эркинбек Мергенбаев кечээ убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасын 23-сентябрда сот карайт.

Эркинбек Мергенбаевге тиешелүү ишкана Чолпон-Атадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн ат майдандын курулушун жүргүзгөн. Алгач ага курулуштун чыгымын ашыкча көрсөткөн деген айып тагылып, кийин ал иш токтотулган. Эми ат майдандагы олтургучтарды Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келген, деген айып коюлууда.

Эркинбек Мергенбаев бүгүн өкмөт алдындагы Жемкорлук менен күрөш кеңешинде баяндама жасамак. Жыйында анын камалганы белгилүү болду.(JM;ZKo)

XS
SM
MD
LG