Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:38

“Кыргыз чоролору” кыймылы БШК алдында акция уюштурат


Анда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө Мамлекеттик тил мыйзамы бузулуп жатканы тууралуу маселе көтөрүлмөкчү. Бул жөнүндө “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүт иштери “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесин одоно бузууда:

-Мыйзам боюнча көрнөк-жарнактар башка тилде жазылган болсо, алдында сөзсүз түрдө мамлекеттик тилдеги котормосу да жазылууга тийиш. Саясий партиялар өзбек тилиндеби, дунган тилиндеби үгүт сөздөрүн жаза берсин. Бирок анын алдына сөзсүз түрдө мамлекеттик тилде да жазылууга тийиш.

“Кыргыз чоролору” кыймылы бул мыйзам бузуу тууралуу БШКга, Мамлекеттик тил комиссиясына да кайрылышкан, азырынча тийиштүү жооп алыша элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG