Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Газпром" ишканасы жакынкы жылдары борбор калааны айланта курчаган 22 жаңы конушту көгүлтүр от менен камсыз кылууга убада берген. Жаңы конуштарды газдаштыруу Касым жана Керемет жаңы конуштарынан башталмакчы. Бул жаңы конуштардагы 440 турак жай көгүлтүр от менен камсыз болот деп айтылат маалыматта.
“Газпром” ишканасы Бишкектин четиндеги жаңы конуштар үчүн 300 чакырым газ түтүгүн тартат. Алардын ичинен алгачкы этап үчүн 9 жаңы конуш тандалып алынган, бирок азырынча кайсылар экени тууралуу так маалымат жок.
Борбор калаанын айланасында 50гө чукул жаңы конуш жайгашкан. Алардын алды 1989-90-жылдары пайда болгон. (ZKo)