Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлери биримдик аймагында качкындарды бөлүштүрүү чечимине добуш беришти. ЕБга төрагалык кылып жаткан Люксембург 120 миң качкынды бөлүштүрүү чечими 22-сентябрда көпчүлүк добуш менен кабыл алынганын билдирди.
Чехиянын ички иштер министри Милан Чованек Чехия, Венгрия, Словакия жана Румыния жакынкы эки жыл үчүн белгиленген бул планга каршы добуш бергенин, Финляндия калыстыкты карманганын белгиледи.
Европа азыр Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор миграция кризисин баштан кечирүүдө. ЕБ аймагына быйыл жыл башынан бери эле 500 миңден ашуун качкын кирген. Алар негизинен согуш оту өчпөй жаткан Сирия, Ирак, Ооганстан сыяктуу өлклөлөрдөн чыккан бозгун-мигранттар.