22-сентябрда түнкү саат 23:43тө Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, термелүү очогу Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кызыл-Жар жана Таш-Көмүр шаарларына жакын жерде катталган.
Силкинүү Ош облусунда да сезилди.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жок. (SE)