Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Курман айтта эки багыттагы кичи автобустар элди бекер ташыйт


Бишкек шаарындагы №212 жана №258 каттамдагы автоунаалар 24-сентябрь күнү Курман айттын урматына жүргүнчүлөрдү акысыз ташышат. Бул каттамдар Айт намазы окулуучу Эски аянтка да жакын. Мындан тышкары жүргүнчүлөргө момпосуй таратылат. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучусу, “Насаат медиа” уюмунун өкүлү Улан Давлеткулов маалымдады:

-Саат эрте мененки алтыдан тартып, кечки алтыга чейин жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул унаалардын сыртында “Курман айтта акысыз жүр” деген жазуулар болот. Биз бул акцияны мусулмандардын майрамында элге жакшы маанай тартуулоо максатында уюштуруп жатабыз.

Курман айт жана Орозо айт күндөрү жүргүнчүлөрдү акысыз ташуу саамалыктары мурдагы жылдарда да болгон.

Кыргызстанда Курман айт 24-сентябрда белгиленет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG