Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Укук коргоочу кемпирдин кейпинде депутаттарга талап койду


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Ак үй алдына акция өткөрүп, бир айдан бери ишке чыкпай жаткан депутаттарга нааразылыгын билдирди. Ал кемпирдин кийимин кийип, “айланайын балдарым, элди шылдыңдабай ишке чыккылачы” деген жазууларды көтөрүп турду.

Буга чейин 1-сентябрдан бери Жогорку Кеңештеги жыйындарга толук келбей жатканына карабай, депутаттарга бул айдын маянасы толук төлөнөрү айтылган.

Азыркы курамдагы 120 депутаттын 90дон ашууну кезектеги парламенттик шайлоого аттанган. (SE)

XS
SM
MD
LG