Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

“Кыргыз чоролорунун” бүгүнкү акциясы токтотулду


Бүгүнкү БШКнын астында белгиленген нааразылык акциясы Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде токтотулду. Бул тууралуу “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын ордуна бүгүн БШКнын төрагасы менен активисттердин жолугушуусу болот:

- БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов бизди кабыл алмак болду. Анда партиялардын үгүт иштери учурунда Мамлекеттик тил мыйзамын бузуп жатканы тууралуу маселени карайбыз. Андан тышкары ИИМ 28-сентябрда профсоюздар үйүндө "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамды одоно бузган партиялардын үгүт насаат, көрнөк- жарнактары жөнүндө тиешелүү органдар, саясий партиялардын катышуусунда тегерек стол уюштуруп берүүнү убада кылды.

"Кыргыз чоролору” кыймылы айрым саясий партиялар үгүт иштерин жүргүзүүдө көрнөк-жарнактарга орус, өзбек жана башка тилдерде гана жазуу менен Мамлекеттик тил мыйзамынын 27-беренесин одоно бузуп жатат деп айыпташкан. Алар бул боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылып, бүгүн БШКнын алдына нааразылык акциясына чыгышмак.

Биринчи май райондук сотунун 10-сентябрдагы чечими боюнча 10-октябрга чейин аянттарда митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG