Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Президент кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады


Мамлекет башчынын куттуктоосунда “Мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири – Курман айт кылымдардан бери келе жаткан майрам. Бул майрам адамдардын жан дүйнөсүн байытуусуна салым кошуп, кеңпейилдикке, улууларды сыйлоого жана маркумдарды эскерүүгө чакырат. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, кайрымдуулук жана башка ак ниет иштерди жасашат. Биз туугандарыбызды жакшы сөздөр менен эстейбиз, жакындарыбызга мээрим төгөбүз жана келечекке жакшы үмүт менен карайбыз. Бул ыйык майрамда Кудай бардык мекендештерибиздин иштерин жалгасын жана бул күндөрдө ажылык сапарда жүргөндөрдүн тилегин кабыл кылсын”, деп жазылган.

Мамлекет башчы Жараткан кыргыз жергесине тынчтык, ынтымак-ырашкерлик берүүсүн тилеген.

Кыргызстанда Курман Айт 24-сентябрда белгиленет. Бул күн дем алыш деп жарыяланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG