Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

9-класстын окуучусун өлтүргөн деп шектелген бала камалды


Өткөн жумада Жумгалдын Көк-Ой айылындагы мектепте 9-класстын окуучусун өлтүргөн деп шектелип жаткан 11-класстын окуучусу Таалайбек уулу Жайылбек кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ИИБнын басма сөз кызматкери Медина Султаналиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Таалайбек уулу Жайылбекке Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде (киши өлтүрүү) кылмыш иши козголду. 22-сентябрда Жумгал райондук соту 11-класстын окуучусу Таалайбек уулу Жайылбектин баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

19-сентябрда Жумгалдын Көк-Ой айылындагы орто мектепте 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбек көкүрөк тушуна муш жеп каза болгон. Алгач мектеп жетекчилиги жана жергиликтүү милиция бала 11-класстын окуучусу Таалайбек уулу Жайылбек мектепке ак көйнөк кийип келбегени үчүн төшкө чаап жибергенде ошол жерден мерт кеткен деген маалымат таратышкан.

Айрым маалыматтар боюнча 11-класстын окуучулары тыныгуу учурунда кенже класстардын балдарын мектептин жертөлөсүнө алып кирип, акча талап кылышчу. Жекшенбек уулу Эркинбек ошондой учурлардын биринде Таалайбек уулу Жайылбектин жүрөк тушуна катуу урган соккусунан үзүлгөн. (ZKo/MiK)

XS
SM
MD
LG