Кыргызстанда 24-сентябрь күнү жаан-чачын болбойт. Түндүк батыштан шамал согуп, ылдамдыгы 9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 22....27,
Баткен облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 7…9, күндүз 18…20 градус жылуу болот.