Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Казакстанда кыргызстандык айыл чарба товарларынын жармаңкеси өттү


20-23-сентябрда Тараз шаарында өткөн жармаңкеде кыргызстандык дыйкандар 200 тоннадан ашуун айыл чарба азыктарын сата алышты. Бул тууралуу Айыл, суу чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүккө суроо-талап көп болуп, биринчи эле күнү 200 тонна жашылча-жемиш сатылды. Чүй, Ысык-Көл, Талас, Ош облусунан дыйкандар алма, картошка, капуста, калемпир жана башка жашылча-жемиштерди алып барышкан. Мындан ары Казакстанда кыргызстандык дыйкан-багбандар өстүргөн жашылча-жемиштердин жармаңкеси ар эки жума сайын өткөрүлүп турат. Министрлик “Атакент-Тараз” соода борбору менен Кыргызстанда өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча меморандум түзгөн. Бул Кыргызстанда өстүрүлгөн жашылча-жемиштердин коңшу мамлекетке тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзөт деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Кийинки жармаңке 8-9-октябрда болот. Бул күндөрү Тараз шаарында Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган майрам болору күтүлүүдө. Жармаңкеге Кыргызстандан жашылча-жемиштерди казактар өздөрүнүн транспорту менен 5-октябрдан тарта ташый башташат. Басма сөз кызматынын тастыктаганы боюнча транспорт, жармаңкедеги соода орундары жана кыргызстандык дыйкандар үчүн турак жай акысыз болот. Ошондой эле Казакстан Кыргызстандан картошка сатып алууну сунуштоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG