Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Орусия АКШ Германияда өзөктүк куралын жаңыласа жооп кайтарарын эскертти


Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков немецтердин ZDF телеканалынын кабарын комментарийлеп жатып айтты.

Мунун алдында аталган телеканал АКШ Германиядагы Бюхель авиабазасында тактикалык атомдук бомбалардан жаңы жыйырманы жайгаштырууну көздөп жатканын маалымдаган.

Кремлдин өкүлү Песков белгилегендей, эгер АКШ мындай кадамга барса, Европада күчтүн тең салмактуулугу бузулуп, Орусиядан “стратегиялык тең салмакты” камсыздаш үчүн каршы чараларды көрүү талап кылынат.

Песков ошондой эле атомдук бомбаларды жаңылоо Европа континентиндеги чыңалууну күчөтүүчү кадам болорун да кошумчалады.

Кечээ орус тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Москва Вашингтондун Германиядагы өзөктүк куралды модернизациялоо планына тынчызданып жатканын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG