Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Ошто окуучу кыздардын мушташы иликтенип жатат


Ош шаарындагы эки мектепте окуган кыздар ортосунда жапырт мушташ чыгып, бирөө ооруканага түштү. Күбөлөрдүн айтымында, 23-сентябрда “Кыргыз-түрк достугу” атындагы №52 мектептин чоң классында билим алган кыздар менен №14 мектептин кыздары жаңжалдашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда 52-мектептин окуучулары берки мектепте окуган бир кызды шаардын четине алып чыгып сабашкан.

Шаардык Билим берүү башкармалыгынын жетекчи орунбасары Абдыкалык Акжолов окуяны “Азаттыкка” тастыктап, милиция бул боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын айтты.

Соңку күндөрү Кыргызстанда мектеп окуучулары арасында мушташ көбөйүп, Ички иштер министрлиги өспүрүмдөр менен иштөөнү күчөтүү чечимин кабыл алган. (SE)

XS
SM
MD
LG