Reuters агенттигинин маалымдоосу боюнча, жашы 18ге чамалуу мигрант жигиттин сөөгү 24-сентябрда Франциянын Ла-Манш туннелинен табылды. судандык же эритреялык деп божомолдонуп жаткан мигранттын тек-жайы такталууда.
Учурда Африка жана Жакыңкы Чыгыштагы согуш менен жакырчылыктан качкан 3 миңге чукул мигрант туннелдин француз тарабында Британияга өтүүнүн түркүн жолун издөөдө.