Ажылыкта тебеленип өлгөндөр саны 717ге чыкты, жаракат алгандар 805 адам деп айтылууда. Ал арада Иран өкмөтү Саудия бийлигин бул каргашага күнөөлүү деп айыптап чыкты.
Ирандын ажылыкты уюштуруучу уюмунун башчысы Саид Охади Иран мамлекеттик телеканалына маалымат берип жатып, "саудиялык бийлик адам өлүмүнүн баарына жооптуу",- деди.
Мекеде өлгөндөр арасында кыргызстандыктар бар-жогу учурда такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Абдуллатип Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Элчинин айтымында, азырынча дагы тактоо иштери уланууда. Себеби, айрым зыяратчылар телефон чалууларга жооп бербей жатышат. (BCh)