АКШнын баш калаасында 22-сентябрдан 28-сентябрга чейин өзбек киносу жумалыгы өтүүдө деп маалымдайт “Өзбеккино” улуттук агенттиги. Жумалыкка өзбек киносунун алтын фондуна кирген 5 тасма кирди. Алардын бири 1968-жылы Шухрат Аббосов тарткан “Ташкент – нан шаары” кинотасмасы.
Мындан тышкары Юсуф Розиковдун “Дилхирож”, Аюб Шахобиддиновдун “Паризод”, Зулфикор Мусокониндин “Асмандагы балдар” жана Абдулхалил Мигноровдун “Ата” фильмдери америкалык көрүүчүлөргө өзбек тилинде англисче субтитри менен көрсөтүлүүдө (BCh).