Бишкектеги Спорт ордосунун бет маңдайындагы кафелердин бирине бомба коюлган деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Бомба тууралуу атын атабаган белгисиз адам кечээ кечки 20.30да телефон чалган. Министрликтин кинологдору имарат ичин тинтип чыгышып, эч нерсе табышкан эмес. Андан соң Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүйдөн Фрунзе көчөсүнө чейинки милициянын тосмосу алынып салынган. (МТо)