Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

БШК “Республика-Ата-Журтка” эскертүү берди


Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрдагы жыйынында “Республика-Ата-Журт” партиясына эскертүү берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.

Эскертүүгө партиянын Коомдук биринчи каналдын эфиринен кеткен видеоролиги негиз болгон.

“Тасманын алтынчы мүнөтүндө Орусиянын коргоо министри менен Түркиянын мурдагы президенттеринин сүрөттөрү камтылып калган. Бул үгүт жүргүзүү эрежесин бузуу болуп эсептелет. Анткени партиялар өз материалдарында башка өлкөлөрдүн саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн, видеолорун колдонбошу керек”, деди Баатырова.

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы жыйында шайлоого көз сала турган 234 байкоочуну каттады. (МТо)

XS
SM
MD
LG