Коопсуздук кызматынын жетекчиси Бусурманкул Табалдиев 25-сентябрдагы шайлоо коопсуздугуна арналган өкмөттүк жыйында БШК сервери бекем кайтарылып жатканын билдирди. Анын сөзү боюнча, БШКнын серверине хакердик чабуулдун алдын алуу боюнча бир топ аракеттер жасалды. Табалдиев ошондой эле үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча материалдар бардыгын, бирок саясий кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербөө үчүн, ачыкка чыгарылбай, чара колдонулбай тургандыгын айтты:
-Ошол эле учурда өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылууну каалаган күчтөр, аларга кошулууга даяр топтор да бар. Алардын баары биздин көзөмөлдө.
Өкмөт башчы Темир Сариев УКМКнын төрагасына мыйзам бузуулар боюнча чара көрүлүүсүн, аны ачыкка чыгарбай кармоо туура эместигин эскертти.(ZKo)