Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Сауд Арабия ажылык амалдарынын эрежесин өзгөртөт


Сауд Арабиясынын падышасы ажылык амалдарын аткаруудагы эрежелерди өзгөртүү сунушун киргизип, кийинки жылдарга ал ишке ашырыларын айтты. Мындай пикирин ал Курман айт күнү жүздөгөн адамдар тебелендиде калып, мерт кеткенден кийин билдирип, уюштуруу иштерине тереңирээк көңүл буруу зарыл экенин эскертти.

24-сентябрь күнү Мекке шаарына жакын Мина аймагында ажылык амалдарын аткаруу учурунда тебелендиде калып 700дөн ашуун адам өлгөн. Дагы 800дөн көп киши жараат алган. Бул кырсык соңку 25 жылда ажылык зыяратында болгон эң чоң апаат катары сыпатталууда.

Иран муфтийи Аятолла Хамени бул окуя үчүн Саудия бийлигин күнөөлөп, тикелей жооп бериши керектигин билдирген.

Ажылык учурунда мерт кеткендер арасында кыргызстандыктар жок экени расмий кабарланды. Быйыл ажыга 1 миллион 300 миң адам барганы айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG