Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Малала дүйнө лидерлеринин саммитинде сөз сүйлөйт


Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай дүйнө лидерлеринин БУУдагы саммитинин ачылышында сөз сүйлөйт. 2012-жылы кыздардын окуу укугун коргогондугу үчүн Пакистандагы талиптердин огунан катуу жараат алган Малала дароо Рим папасы Францисктен кийин сөз алып, дүйнө жүзүндөгү бардык балдардын 12 жылдык билим алуусун камсыздоого үндөмөкчү.

25-сентябрдагы иш чараны утурлай "Рейтер" агенттигине берген маегинде ал “лидерлердин өз балдары үчүн кандай кыялдары бар болсо, ошондой эле жашоону калган жеткинчектер үчүн каалашат деп ишенем” деди.

Быйыл июлда 18 жашка чыккан Малала туулган күнүндө Ливанда сириялык качкындардын кыздары үчүн мектепти ачуу салтанатына катышкан. Нобель сыйлыгынын лауреаты ошондой эле Европага агылган мигранттардын балдарынын укуктарын да козгорун белгиледи.

XS
SM
MD
LG